• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында "Мээримдүү балаты" акциясы башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Мээримдүү балаты" акциясы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы ЮНЕСКО клубунун демилгеси жана Жалал-Абад шаарык мэриясынын колдоосу менен «Ариет» балдар чыгармачылык борбору жаңы жылга карата «Мээримдүү балаты» аталышындагы кайрымдуулук акция уюштурулууда.

Акциянын максаты - мүмкүнчүлүгү чектелеген жана ата-энесинин кароосунан ажыраган жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан 28 балага майрамдык белек тартуулоо болуп саналат.

Аталган акцияга ар бир жаран катыша алышат. Ал үчүн “Ариет” балдар чыгармачылык борборуна 25-декабрга чейин белектерди алып баруу зарыл. «Мээримдүү балаты» акциясы 25-декабрда “Ариет” балдар чыгармачылык борборунда жыйынтыкталып, белектер балдарга тапшырылат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн телефон: 0777 39 96 29

Пикир

Оставить комментарий