• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында мекеме-ишканалардын кызматкерлери окутуудан өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясы "Ханнс Зайдель" фондунун колдоосу менен “Мамлекеттик тилге маанилүү камкордук” аталышындагы окутуу өткөрдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окутуу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү максатын көздөйт.

Окутууга Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, КР президенттине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Элмира Муратбекова, мекеме-ишканалардын жана мамлекеттик эмес уюмдарда иш-кагаздар менен иштеген адистер катышты. Анда катышуучулар мамлекеттик тилде жазуу эрежелери , иш-кагаздарды мамлекеттик тилде туура жүргүзүү боюнча маалымат алып, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Аталган окутуу "Ханнс Зайдель" фондунун колдоосу менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Тунугай Курбанова тарабынан уюштурулду. Алдыда мекеме-ишканалардын жетекчилерин окутуудан өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий