• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларына жүргүнчүлөр билети берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларына жүргүнчүлөр билети берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин кичи автобустун айдоочулары жана жогорку класстын окуучулары ортосунда кайчы пикир жаралып, ата-энелердин нааразычылыгын жаратып келген.

"Эми окуучулар жүргүнчүлөр билетин көрсөтүп, кичи автобустар үчүн 5 сом гана жол акысын төлөшөт. Окуучу билетин көрсөткөнүнө карабай жол акысын 15 сомдон алган айдоочулар жазаланат. Ал эми муниципалдык автобустар 1-класстан 6-класска чейин акысыз болсо, калган окуучуларга 10 сомдон жол акы алат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 26 миң 308 окуучу бар.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта кичи автобустардын жол акысы окуучулар жана пенсионерлерден башка жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий