• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечелери онлайн-форматта өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечелери онлайн-форматта өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Гулбарчын Таштанбекова билдиргендигин, мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин, айрым ата-энелер бүтүрүү кечесин онлайн-форматта эмес, окуучулардын катышуусунда, ачык асман алдында өткөрүүгө уруксат берүүнү суранышкан. Бүгүн, бул маселе шаардык ыкчам штабда каралып, COVID-19 илдетине байланыштуу уруксат берилген жок.

25-май күнү, милиция кызматкерлери шаар аймагында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат жана шаардын кирип-чыгуучу негизги көчөлөрүнө көзөмөл посттор коюлат.

Быйыл, Жалал-Абад шаарында 638 окуучу 11-классты, 1848 окуучу 9-классты аяктап жатат.

Пикир

Оставить комментарий