• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалар текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-февралда Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын жылуулугу, санитардык абалы, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатын Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган атайын комиссия текшерүүгө алды.

Рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилди. Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп, 23 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар.

Пикир

Оставить комментарий