• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында мектептердин кышка даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Жалал-Абадда мектептердин кышка даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардагы мектептердин күз-кыш мезгилине даярдыгы мэр Мураталы Тагаевдин тапшырмасынын негизинде текшерилди. Вице-мэр Нуртилек Орозбаев тийиштүү кызматкерлер менен биргеликте 11 мектепке, 3 бала бакчага барышты. Анда билим уялары дээрлик кышка даяр экендиги белгилүү болду. Отканаларда, электр жабдыктарында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, мектеп имараттарынын эшик-терезелери жылууланып, керектүү өлчөмдө көмүр түшүрүлгөн.

Шаардагы 3 мектеп, 8 бала бакча борборлоштурулган жылытуу түйүнүнө уланган, калгандары көмүр, электр энергиясы менен жылытылат.

Комиссиялык топ тарабынан кышка даярдыкка байланыштуу бир катар сунуштар да айтылды. Алдыда калган мектеп, бала бакчалардын даярдыгы текшерилет.

Эскерте кетсек, калаада муниципалдык 20 мектеп, 23 бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий