• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мектептердин жылуулугу текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектептердин жылуулугу текшерилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 16-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тийиштүү жетекчилер жана адистер менен биргеликте, шаарда жайгашкан №1, №2, №9, №13 мектептердин жылуулугун жана окуучулардын сабакка келүүсүн текшерди.

“Текшерүү учурунда мектептерде көмүр жетиштүү экени, класстардын ички темпреатурасы +18 градустан жогору экени белгилүү болду”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, ошону менен бирге эле мектептердин жылытуу системасындагы айрым кемчиликтерин жоюу боюнча жеринде тапшырмалар жана сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий