• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында миграция маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Миграциянын тобокелчиликтери жана кесепеттери” темасынын алкагында талкуу жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чараны Европа Биримдигинин “Ачык коомчулук – ачык ЖМК” долбоору менен мамлекеттик органдарынын коомдук кеңештеринин Координациялык кеңеши биргеликте уюштурду.

Ага тийиштүү тармактардын жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада жалпы миграция маселеси, мигранттар туш болгон көйгөйлөр талкуeланды. Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн укугун коргоону күчөтүү жаатында пикир алмашуу жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий