• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында милиция мектептерде профилактикалык иштерди жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясынын Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучулары арасындагы топтошуп мушташуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Шаар аймагындагы мектептерде окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, спортто ийгилик жараткан милиция кызматкерлеринин өмүр таржымалы камтылган тасмалар көрсөтүлдү. Алардын басып өткөн кызыктуу учурлары айтылып, чыдамкайлык менен жогорку ийгиликтерге жетишкендиги белгиленди. Мектеп окуучуларына кылмыш жасагандын акыры темир тор менен аяктай тургандыгы эскертилип, коомдогу терс көрүнүштөрдөн алыс болуу зарылдыгы айтылды. Ошондой эле мектептеги ишеним кутучаларына анонимдүү түрдө кат жазса болорун эскертишти.

Мындан сырткары, кыш мезгилине карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үйүн көмүр менен жылыткандар иске уулануудан, тайгак учурдарда жолдо жүрүүдө этият болуу зарылдыгы жеткирилди.

№13 Роза Азимова мектебинде жаш өспүрүмдөр арасында диний экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү. Жыйында бул багытта иш алып барган кызматкерлер тарабынан түшүндүрмө берилип, окуучуларга диний түшүнбөстүктөрдөн алыс болуу керектиги эскертилди.

Профилактикалык иш-чара Базар-Коргон райондук милиция кызматкерлери тарабынан №11 М.Алыкулов мектеп-гимназиясында дагы өткөрүлдү. Бул жайда да өспүрүмдөргө атайын видеороликтер көрсөтүлүп, кылмыштуулуктан жана түрдүү кырсыктардан оолак болуу зарылдыгы жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий