• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында муктаж адамдарга көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муктаж адамдарга көмүр таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык кеңешинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Заттарбек Боронбаев Ч.Айтматов аймактык башкармалыгындагы аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө 5 мүшөктөн акысыз көмүр берди.

Шаардык кеңештен белгилешкендей, депутат Боронбаев ар дайым жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.

Белгилей кетсек, Ч.Айтматов аймактык башкармалыгында 3 миңге жакын тургун жашайт.

Пикир

Оставить комментарий