• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында муктаж болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэриясы калаадагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана эч кими жок жарандарга азык-түлүк жагынан жардам берүүдө. Бүгүн алардын абалынан калаа мэри Мураталы Тагаев барып кабар алды, - деп билдиришти мэриянын басма сөз кызматынан.

Жалал-Абад мэриясынын билдиришкендей, алгачкы кайрымдуулук иш-аракеттери шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын тизмесине алынып, жашоосу оор деп бааланган жарандарга берилип баштаган.

"Мындан тышкары, алдыда жергиликтүү бийлик тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын чечиминин негизинде башка муктаж тургундарга да жеткирилмекчи. Коронавирус илдетинин калк арасында жайылуусун алдын алууда, жарандардын өз ара байланышын кыскартуу максатында, ушул жылдын 25-мартынан тарта Жалал-Абад шаарында да өзгөчө абал киргизилген. Ага ылайык, тургундардын көчөгө ээн эркин чыгуусуна чектөө киргизилген. Натыйжада айрым жашоочулардын арасында азык-түлүк муктаждыктары жаралган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий