• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында муктаждарга азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муктаждарга азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Жалл-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Спутник, Достук, Чыңгыз Айтматов аймактык башкармалыгынын аз камсыз болгон, азык-түлүк жагынан кыйналган жашоочуларына шаардык мэрия жана жеке демөөрчүлөр тарабынан ун жана азык-түлүк таратылган.

"Жалпы 500 үй-бүлөгө жардам берилди. Учурдагы кырдаалда кайдыгер карабай, жардам колун сунгандарга Жалал-Абад шаарынын мэриясы ыраазычылык билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин да калаадагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз бой жарандарга өкмөт, жергиликтүү бийлик жана жеке жарандар тарабынан азык-түлүк жактан көмөк көрсөтүлүп келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий