• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында муниципалдык автобустардын жол акысын көтөрүү сунушталууда

Аймак 0

Бишкек, 22.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык автобустардын жол акысын 5 сомдон 8 сомго көтөрүү сунушталып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жалал-Абад шаардык муниципалдык автобазанын жетекчиси Искендер Мейманкулов күйүүчү май, автотетиктердин баасы жогорулап, автобустар өз чыгымдарын да жаба албай калганын билдирди.

Мындан улам автобазанын ишин жандандыруу жана үзгүлтүккө учуратпоо үчүн, шаардык кеңештин депутаттарына жол акысын 5 сомдон 8 сомго көтөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий