• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 27.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-майда Жалал-Абад шаардык электр энергия сатуу ишканасынын кызматкерлери шаардагы мыйзамсыз электр энергиясын колдонгон майнинг-ферманыаныкташты. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, майнинг-ферма Жалал-Абад шаарындагы Индустриальная №6 көчөсүндөгү «Автожол» жабык акционердик коомунун (мурунку СМУ ТТ заводунун) аймагында жайгашкан.

«Автожол» ЖАКтын кызматкерлеринин катышуусунда майнинг-ферманын электр энергиясы өчүрүлүп, пломбаланып, тиешелүү акт түзүлдү.

Азыркы учурда материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берүүгө даярдалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий