• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз салынган курулуштар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында муниципалдык жерге мыйзамсыз салынган имараттарды, тротуарларга чыгып кеткен курулуштарды аныктоо жана бузуу иштери уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардын Спутник кичирайонунун Жеңи-Жок көчөсүндөгү "Тагай-Бий" мончосунун жана анын айланасындагы имараттардын тротуарга курулган курулуштары буздурулууда.

Шаардын вице-мэри Элдос Таевдин айтымында, аталган көчөдөгү муниципалдык жердеги бардык мыйзамсыз курулуштар алынып, ордуна тротуар курулат.

Эске салсак, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен буга чейин Ленин көчөсүндөгү автобекеттин жана "Стамбул" кафесинин муниципалдык жерди мыйзамсыз курчап турган тосмолору буздурулган болчу. Алдыда шаардын бардык аймагында мындай иш-аракет улантылат.

Пикир

Оставить комментарий