• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы Нооруз сейил багы оңдолот

Аймак 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгындагы Нооруз сейил багы жергиликтүү элдин эс алуусуна ыңгайлаштырылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар мэри Эрнисбек Ормоков парктын азыркы таптагы абалы менен таанышып чыкты. Долбоору даярдалган демилгени шаардык кеңештин депутаттары колдоп берсе заманбап эс алуу багына айланат.

8 гектардан ашуун аянттын айланасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрым жашоочулары эс алуу багына тиешелүү жерлерге курулуш жүргүзүп алышкан. Паркты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү менен мындай мыйзамсыз көрүнүштөргө да бөгөт коюлат.

Пикир

Оставить комментарий