• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында окуучулар арасында предметтик олимпиада башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-январда Жалал-Абад шаарынын мектеп окуучулары арасындагы предметтик олимпиаданын ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев, мугалимдер жана мектеп окуучулары катышты.

Олимпиада 2 тур менен өтөт. Анда шаардагы 22 мектептен барган 492 окуучу, 10 предмет боюнча күч сынашат.

Белгилей кетсек, шаардык олимпиаданы жеңип чыккан окуучулар облустук олимпиадага жолдомо алат.

Пикир

Оставить комментарий