• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жугуштуу жана жугушту эмес оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калктын ден соолугун сактоо, аларды сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, жугуштуу жана жугушту эмес ооруларды алдын алуу максатында Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан коомдук ден соолук комитеттеринде, атайын окуу жайларында, кесиптик лицейлеринде, мектептерде жана калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кечээ, 16-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы Курманбек аймактык башкаруу мекемесинде коомдук ден соолук комитеттеринин мүчөлөрүнө жана аймактык жашоочуларга, “АИВ/СПИД илдетине каршы күрөшүү жана алдын алуу” жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Калк арасында түшүндүрүү иштерин жүрүгүзүү үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий