• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында пробация органынын кеңсеси ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-сентябрда Жалал-Абад шаарында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен уюштуруу техника жана кеңсе эмеректери камсыздоосу менен капиталдык оңдоо жүргүзүлдөгөн кийин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактар аралык башкармалыктын Жалал-Абад шаарында пробация органынын кеңсесинин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлайт.

Билдирүүгө ылайык, ачылыш аземине юстиция министри Марат Жаманкулов, БУУнун Кыргызстандагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Программалык кеңсесинин өкүлдөрү, министрликтин жана пробация департаментинин кызматкерлери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий