• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн өрт өчүрүү кызматы тарабынан жыл башында бекитилген пландык машыгуусу болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, машыгуу учурунда өрт өчүрүү унаалары чалуу түшкөн соң шаардын борбордук базарына 1,5 мүнөттө жетип келди. Анткен менен өрт өчүрүү унаалары базарга кирүүдө 10 мүнөттөй убара тартты. Буга себеп базардын ичиндеги соода жайларынын башаламан коюлганы болду.

Адистер чындыгында өрт кырсыгы катталып калса, базарга өрт өчүрүүчүлөр киргенче жалын күчөп, өрттү өчүрүү татаалдап кетээрин эскертип келет. Бул ирет да сатуучулар менен базар жетекчилигине кемчиликтерди жоюу жагы эскертилди.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Жалал-Абад шаарында 41 өрт кырсыгы катталып, андан 14 млн 805 миң 681 сомдук зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий