• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Кечээ, 18-майда Жалал-Абад шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Жалал-Абад шаарынын Өндүрүш зонасында жайгашкан «Альфа-Ойл» ЖЧКна караштуу «Тору» нефтебазасында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Машыгуу учурунда нефтебазанын ыктыярдуу өрттөн сактоо кошууну жана Жалал-Абад шаары боюнча ӨК бөлүмүнүн күч-каражаттары резервуарда катталган өрт кырсыгын өчүрүү боюнча күжүрмөн аракеттер көрүлдү.

Машыгуунун жүрүшүнө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жана «Альфа-Ойл» ЖЧКна жетекчилик курамы байкоо жүргүзүп, жыйынтыгында күжүрмөн аракеттерди жакшыртуу боюнча сунуштар, көрсөтмөлөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий