• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Сабаттуу жазуу” өнөктүгү өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жат жазуу өнөктүгүнө Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Нурбек Сатаров, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов баштаган 30га жакын кызматкер катышты.

Өткөрүлгөн өнөктүк бардык мамлекеттик жана муниципалдык түзүмгө кирген мекеме-уюмдарда кызматкерлердин сабаттуу жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу, коомчулуктун сабаттуу жазууга болгон жоопкерчилигин арттыруу максатын көздөйт.

Иш-чара президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий