• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында сегиз гектар аянтты ээлеген эс алуу багы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. 18-августта Жалал-Абад шаарынын Спутник аймактык башкармалыгында Т.Байзаков атындагы эс алуу багынын ачылышы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, парк жалпы сегиз гектар жер аянтын ээлеп, курулушка жергиликтүү бийлик 46 млн 616 миң сом акча каражатын жумшаган.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана жергиликтүү бийлик жетекчилери жана калаа тургундары катышты.

Облус башчысынын орун басары бул саамалык президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруудагы алгылыктуу кадам экенин белгилеп, жашыл жана таза зонадагы сейил бак жарандардын активдүү жашоо образын түзүүгө чоң салым кошорун айтты.

Пикир

Оставить комментарий