• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында «Селсаяк» рейди жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан «Селсаяк» аталышындагы рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Рейддин максаты - Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук жайларда лөлү тектүү жарандардын ыңгайсыздык жаратууларынын алдын алуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында 5 ата-эне колунда жаш өспүрүмдөр менен тилемчилик кылып жүргөндүгү аныкталды. Алардын ичинен 3 жаран Өзбекстандын Бухара облусунан келгендиги белгилүү болду. Аларга коомдук жайларда ыңгайсыздык жаратпоо зарылдыгы эскертилип, коронавирус илдетине байланыштуу эпидемиологиялык абал түшүндүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий