• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында шахмат боюнча турнир өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында шахмат боюнча турнир өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, турнирге Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 5 жаштан 70 жашка чейинки 300гө жакын шахматчылар катышууда.

Мелдеш соңунда жеңүүчүлөргө кубок жана баалуу сыйлыктар ыйгарылат.

Турнир шахмат федерациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий