• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында шамалдын кесепеттери жоюлууда

Аймак 0


Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында шамалдын кесепеттери жоюлууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июнда аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам нөшөрлөп жааган жамгырдан жана катуу шамалдын кесепетинен Жалал-Абад шаарында 19 көп кабаттуу турак үйдүн, 11 жер үйдүн, 7 социалдык мекеменин чатыры учкан. Ошондой эле 4 жарнамалык калкан (шиттер) кулап түшүп, 7 даана автоунааны дарактар басып калган.

Жалал-Абад мэринин тапшырмасы менен жарандык коргонуу кызматы түнү менен шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барып, жашоочуларга кооптуу абал жараткан турак жай чатырлары, кулаган дарак жана жарнамалык шиттер алынды.Ошондой эле үзүлгөн электр зымдары калыбына келтирилип, электр энергиясы берилди.

Учурда электр энергиясы берилбей калган айрым аймактарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам токтоп турган насостук станциялар да иштеп, шаарга суу берүү жагы да жолго коюлду.

Бүгүн, 4-июнда шамалдан кулаган жана сынып түшкөн бак-дарактарды тазалоо иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий