• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлери сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев аталган тармактын алдыңкы кызматкерлерин куттуктап, Ардак грамоталарын тапшырды.

Вице-мэр калаанын жардамга жана колдоого муктаж адамдарына камкордук көрүү — бийик адамгерчиликти жана боорукерликти талап кылаарын, жылуу мамиле, кайрымдуу эмгек — көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, тартыш турмушта жашагандардын, майыптардын жана кары-картаңдардын демине дем кошуп, келечекке ишенимин арттырып, пандемия шартында да ак эмгектерин аябагандыгын кошумчалады.

Калктын аярлуу катмары менен иштөөдө социалдык кызматкерлердин эмгеги чоң. Анткени аталган тармак калкты жумуш менен камсыздоо, үй-бүлө жана балдарды коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана жөлөк пул берүү жаатындагы төрт багытта элге кызмат көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий