• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында “Өспүрүм-эмгек, селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Өспүрүм-эмгек, селсаяк, тилемчи” аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, аймактык башкармалыктардын башчылары, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Муниципалитеттен белгилешкендей, түзүлгөн топ шаар көчөлөрүндө, базар ичинде, жер астынан өткөн өтмөктө, жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдө, интернет клубдарда кыдырууларды жүргүздү. Натыйжада аталган жайларда жашы 18ге толо элек өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусу катталып, жумуш берүүчү тарапка эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары, жер өтмөктө кайырчылык менен алек болгон үч улгайган жаранга мэрия тарабынан жардам көрсөтүлөрү түшүндүрүлүп, үйлөрүнө кайтарылды. Эс алуу аллеясындагы селсаяктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шаардык милицияга жеткирилди.

Рейддин жүрүшүндө 3 жашы жете элек өспүрүм , 3 улгайган карыя, 6 селсаяк, 3 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кайырчы жана 3 лөлү тектүү жарандар кармалып, шаардык ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ата-энесине жана жакындарына эскертүү берилди.

Эскерте кетсек, кайырчылардын басымдуу бөлүгү Сузак районунан жана Ош облусунан келгендер. Алдыда шаардык мэрия тарабынан мындай рейддер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий