• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында суу акысын мөөнөтүндө төлөбөгөн абоненттерге рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында суу акысын мөөнөтүндө төлөбөгөн абоненттерге рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыдырууну вице-мэр Нуртилек Орозбаев жетектеп, калаадагы ичүүчү сууга болгон карызы көп мекемелерде жүрдү. Анда төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери алып барылып, эскертүүлөр берилди. Рейдде айрым абоненттердин суу өткөргүчтөрү кыркылды.

Алдыдагы күндөрү да шаарда дебитордук карыздарды көндүрүү боюнча рейддер байма-бай улантылат.

Пикир

Оставить комментарий