• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаардык мэриясынын, Жалал-Абад ШИИБнин жана ӨКМдин кызматкерлери катышты.

Учурда өспүрүмдөрдүн дарыя жээктеринде, каналдарда, бассейндерде ата-энесинин көзөмөлү жок жүрүп, кырсыкка кабылган учурлары кездешүүдө. Андай учурлардын алдын алуу максатында жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Адистер сууга түшүүдө өспүрүмдөр сөзсүз ата-энеси же туугандары менен болуусу зарылдыгын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий