• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды

Аймак 0

Бишкек, 29.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык штабдын 13-июлда өткөн жыйынында мэр түнкү стационар ачуу боюнча тапшырма берген. Ага ылайык Жалал-Абад мамлекеттик университетинин спорт залы тандалып алынып, шаар бийлиги керектүү шарттарды түздү. “Жалал-Абад биримдиги” кыймылы түнкү стационарды дарыгерлер менен камсыздады.

Бүгүнтөн тарта түнкү стационар жарандарды кабыл алууга даяр. Шаар бийлиги тарабынан 5 даана кычкылтек концентратору жана 15 даана коргоочу формалар тапшырылды.

20 орунга ылайыкташкан түнкү стационар кечки саат 20:00дөн эртең мененки саат 08:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий