• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге эки бөлмөлүү батир берилди

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге жергиликтүү бийлик тарабынан эки бөлмөлүү батир берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, батирдин ачкычын шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев тапшырды. Үч эмге турак жай сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 1 млн 800 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Бир уул, эки кызды жарыкка алып келген Гүлнара Бүркүтова буга чейин 5 баласы менен ижарада, бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген.

Эске салсак, 2021-жылдын 31-мартында Жалал-Абад шаарынын 38 жаштагы тургуну Гүлнара Бүркүтова 3 эм төрөгөн.

Пикир

Оставить комментарий