• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге батир берилет

Аймак 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге жергиликтүү бийлик тарабынан батир берилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков билдирди.

Маалыматка ылайык, үч эмге батир сатып берүү боюнча шаардык кеңештин депутаттарына сунуш берилип, аны эл өкүлдөрү колдоп берген.

Батир алууга шаар казынасынан 1,8 миллион сом акча каражаты каралган. Алдыда үч эмдин жакындарына тендер аркылуу, шаар аймагынан эки же үч бөлмөлүү батир сатып алынат.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлнара Бүркүтова 2021-жылдын 31-март күнү облустук төрөт үйүндө үч эм төрөгөн. Наристелерге жакындары Аделина, Адилет, Аделя деген ысым ыйгарышкан.

Пикир

Оставить комментарий