• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында такси кызматтарына бааларды жогорулатпоо талабы коюлду – комендант

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында такси кызматтарына бааларды жогорулатпоо талабы коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Жалал-Абад шаарында 83 мекеме-ишкана ишин баштады. Анын ичинен бешөөсү такси кызматын көрсөтөт.

"Такси кызматтарына 4 шарт коюлду. Биринчиси – уруксат кагазын алуу, экинчиси – санитардык нормаларды сактоо, үчүнчүсү – экиден ашык жүргүнчү салбоо жана башкысы – бааларды көтөрбөө", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

1-майдан тарта айрым ишкана-мекемелерге ишин жандантууга уруксат берилген.

Пикир

Оставить комментарий