• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында такси кызматтарына рейд жүрөт

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында такси кызматтарына рейд жүрөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарындагы жеке таксилер жол акысын көтөрүп алганы айтылган.

Буга байланыштуу шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин, жол кайгуул кызматынын жетекчилери менен жолукту. Жыйынтыгында таксилерге рейд жүргүзүп, жол акысын кымбаттатып алгандарга чара көрүүнү тапшырды.

Ал эми коомдук транспорттордо баа өзгөргөн эмес. Төрага такси кызматтарынын өз алдынча бааны жогорулатып алганын сындап, ага негиз жоктугун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий