• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында таштанды үчүн акы төлөбөгөндөргө рейд өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында таштанды үчүн акы төлөбөгөндөргө рейд өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда абоненттер "Жалал-Абад Тазалык" мекемесине 6 миллион сом карыз. Аларды өндүрүү максатында жана абоненттерди көбөйтүү максатында мындай рейддер улантылат.

Белгилей кетсек, "Жалал-Абад Тазалык" ишканасы жыл башында 68 миң абонентти тейлеп жаткан болсо, алты ай ичинде абоненттердин саны 103 миңден ашты.

Пикир

Оставить комментарий