• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында таштанды менен таза сууга болгон карызын төлөбөгөндөргө рейд жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. “Жалал-Абад Сууканал” башкармалыгы жана “ Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасы карызын төлөбөгөндөргө рейд өткөрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалым болгондой айрым абоненттердин таза сууга болгон карызы 12 миң сомго чейин жетет. Тынымсыз өткөрүлгөн рейддерге карабай, жашоочулар арасында таштанды менен ичүүчү сууга карызын төлөбөгөндөр арбын.

Ушул тапта Жалал-Абад шаарынын керектөөчүлөрүнүн ичүүчү сууга жана таштандыга болгон карызы 10 млн сомдон ашат. Аны өндүрүү үчүн алдыда мындай рейддер байма-бай өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий