• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында тил эрежелери сакталбаган жарнамалар алынууда

Аймак 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында тил эрежелери сакталбаган жарнамалар алынууда. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул багытта калаа мэриясынын алдында түзүлгөн атайын комиссиялык топ борбордук базар айланасында рейд өткөрдү. Ага тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышып, кыдыруу учурунда буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай илинип турган жарнамалар алынып салынды.

Адистердин айтымында, ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан тараптар соода жайларынын аталышын мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөрүшөт. Бирок анын түшүндүрмөсү сөзсүз түрдө мамлекеттик тилде чоң ариптерде жазылуусу шарт. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамында да жарнамаларды илүү тартиби көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө ишкердик жүргүзүүлөрдүн бул багыттагы маалымдуулугу аз.

Көрүлүп жаткан аракеттер кыргыз тилинин өнүгүүсүн жана анын туура колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү болуп саналат.

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы илинген жарнамаларды тил эрежелерине ылайык жазылуусун көзөмөлгө алуу дагы да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий