• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында тойкана, тамактануучу, эс алуучу жайларга рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы тойканаларга, түнкү саат 22:00дөн кийин ишмердүүлүгүн уланткан тамактануучу, эс алуучу жайларга рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган комиссиялык топ шаардагы 12 жайды текшерүүгө алып, алардын 2сине эскертүү, дагы экөөнө айыппул салынды. Алдыда мындай рейддер байма-бай улантылат.

Эске салсак, Жалал-Абад шаардык ыкчам штаб 1-июлдан тарта тойканалардын белгисиз мөөнөткө чейин ишмердүүлүгүн токтототуу боюнча чечим кабыл алган. Ал эми коомдук тамактануучу жайлар, түнкү клубдар орундуктарын 50%га кыскартуу менен таңкы саат 8:00дөн кечки саат 22:00гө чейин гана иштей алат. 22:00дөн кийин коомдук тамактануучу жайлар жеткирип берүү, алып кетүүгө даярдап берүү тартибинде иштөөсү бекитилген.

Мындан сырткары, шаар аймагындагы бардык базарлар менчигинин түрүнө карабастан, бекитилген графиктин негинде ар апта сайын бир күнгө дезинфекциялоо үчүн жабылып турат. Ошондой эле коомдук транспорттор (кичи автобустар) жекшемби күнү каттамга чыкпайт.

Учурда COVID-19 илдети көп катталып жаткандыктан коомдук жайларда беткап тагууну көзөмөлдөө күчөтүлөт.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү кызматтар менен биргеликте санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы боюнча тынымсыз рейддерди өткөрүп турат.

Пикир

Оставить комментарий