• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында тоскоолдук жараткан жарнак калкандары алынууда

Аймак 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоолдук жаратып, туура эмес жайга орнотулган жарнак калкандары алынууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын Ленин жана Тарсус көчөлөрүндөгү тротуарларда турган жарнак калкандары алынып салынды.

“Элге ыңгайсыздык жаратууга чекит коюлат”, - деп баса белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий