• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында турак үй өрттөнүп, 4 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-апрелде саат 08:30дар чамасында Жалал-Абад шаарындагы Курманбек шаарчасынын Кара-Басан көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:31де Жалал-Абад шаардык өрт куткаруу бөлүгүнөн жалпы 4 бөлүм тартылган.

Өрттүн кесепетинен 4 адам каза болгон (аты-жөндөрү такталууда).

Турак үйдөн чыккан өрт саат 09:00дө чектөөгө алынган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий