• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында улгайган адамдар спортто күч сынашты

Аймак 0

Бишкек, 24.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында улгайган адамдар спортто күч сынашты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясы 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата 15-сентябрдан 15-октябрга чейин "Улгайган курактагы адамдарга көңүл буруу жана камкордук" аталышындагы бир айлык жарыялаган.

Анын алкагында бүгүн, 24-сентябрда шаардагы "Курманбек" атындагы стадиондо карылар арасында спорттук иш-чара өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгын башчысынын орун басары Назира Жакыпова, Улуттук Кызыл Ай Коомунун өкүлү Гүлжамал Жолдошова жана шаардагы жашы улгайган инсандар катышты.

Алар үч топко бөлүнүп, спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Андан сырткары атайын сый-тамак уюштурулган. Ошондой эле карылардын ден соолугуна кам көрүү максатында атайын медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 80 жаштан жогору курактагы 700дөн ашуун адам бар.

Пикир

Оставить комментарий