• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери көз жумду

Аймак 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери көз жумду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 95 жаштагы Елизавета Костяная менен коштошуу зыйнаты өттү. Ага мэрдин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ардагер Россияда туулуп-өскөн. 1943-жылдан тарта "Артиллерист" дивизионунда кызмат кылган. 1959-жылы жолдошу менен Кыргызстанга көчүп келген. Японияны жеңүүдөгү жана башка медалдар менен сыйланган.

Пикир

Оставить комментарий