• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында веложүрүш өттү

Аймак 0

Бишкек, 04.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде Жалал-Абад шаарында "Ден соолук" деп аталган веложүрүш өтүп, ага 100дөн ашуун адам катышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жүрүш Барпы театрынын алдынан башталып, калаадагы 10 көчөдөн өтүштү. Ден соолукту чыңдоо багытында өткөрүлгөн иш-чаранын катышуучуларын тез жардам жана жол кайгуул кызматы коштоп жүрдү.

Шаардын вице-мэри Руслан Алтымышев да веложүрүшкө чыкты. Коопсуздук боюнча түшүндүрмө берип, жарандарды дени сак жашоо образына чакырды.

Эскерте кетсек, веложүрүш мэриянын колдоосу менен Славян диаспорасы жана Jalal-Abad cycling club тарабынан ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий