• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында заманбап Калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Стройпарк" курулуш маркетинин 2-кабатында Калкты тейлөө борбору ишке кирди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Калкты тейлөө борбору заманбап эмеректер жана комьютердик жабдуулар менен камсыздалган.

Борбордон министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган жетекчилер кабар алып, мекемеде жаралган шарттар менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий