• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында заманбап кичи стадион курулуп жатат - фото

Коом 0

Бишкек. 29.05.19 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин демилгеси менен калаадагы №9 Р.Санатбаев мектебинин стадиону оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

200 орунга ылайыкташкан заманбап стадион бардык талапка жооп берип, толугу менен жаңыланат, деп кабарлады шаардык мэрия.

Ага жергиликтуу бюджеттин эсебинен 8 млн 700 миң сом акча каражаты каралган. Тендерден утуп алган компания бул ишти 5,5 млн сом акчага аткармай болду.

Реконструкциялоо иштери сентябрь айында аяктап, пайдаланууга берилет.

Пикир

Оставить комментарий