• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында заманбап таштанды контейнерлери орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында заманбап таштанды таштоочу контейнерлер орнотулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар аймагына жалпы 292 контейнер орнотулат. Учурда анын 34ү шаардын бир катар көчөлөрүнө орнотулду.

“Контейнерлер үстү жабык жана асты бетондолгон жайда орун алып, бир нече бөлүктөн турат. Заманбап таштанды урналары жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка жана “Жаратылышты өнүктүрүү ”фондунун колдоосу менен орнотулууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин таштандылардын арасында нан азыктары көп кезикчү. Мындан улам жолбун иттердин таштандыларды чачып салган учурлары да көп катталып келген. Бул жагдайды эске алуу менен нан азыктарын таштоо үчүн да өзүнчө атайын урналар орнотулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий