• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 06.09.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Жеңиш кичи районунда 50 орунга ылайыкташкан бала бакча пайдаланууга берилди.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кичи райондо буга чейин бала бакча болгон эмес.

Ачылуу салтанатына Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, калаа башчысы Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бала бакчанын курулушуна шаар бюджеттен 19 миллион 100 миң сом акча каражаты жумшалган.

Эске сала кетсек, шаардагы Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу "Жеңиш” кичи району шаардын чыгыш тарабындагы адырдын үстүндө жайгашып, 5 миңден ашуун калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий