• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында жаңы сквер курулду

Аймак 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Достук аймактык башкармалыгынын Бекмамат Осмонов көчөсүнө жаңы сквер курулуп, пайдаланууга берилди. Күн мурун анын ачылышы болуп, ага шаар мэри Мураталы Тагаев, жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышкандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Азыркы мезгилде шаар жашоочуларына шарт түзүлгөн аталган жай буга чейин кароосуз абалда болчу. Бул жылы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен эс алуучуларга ыңгайлуу шарттар түзүлүп, айланасы жашылдандырылып, 850 даана гүл отургузулган. Кечкисин сейилдөө үчүн түнкү жарыктандыруу орнотулду.

Эске салсак, эс алуучу жайдын курулушу ушул жылдын май айында башталган. Ага жергиликтүү бюджеттен 4 миллионго жакын акча каражаты каралган. Тендер аркылуу 3 миллион 156 миң сомдук жумуштар аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий