• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында жаңы унаа базары ачылат

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү 3,5 гектар жер аянты унаа базарына даярдалууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда жерди тегиздөө иштери жол башкармалыгы тарабынан жүрүүдө. Вице-мэр Элдос Таев иштин жүрүшү менен жеринен таанышып келди.

Муниципалдык жаңы унаа базарын февраль айында ишке берүү пландалууда.

“Унаалар төрт жактан кирип-чыгат. Мында бардык шарттар түзүлүп, төлөм электрондоштурулган система менен ишке ашырылат. Каражат шаардык казынага түшүп, бюджетти көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Андан тышкары калаанын негизги көчөлөрүндө орун алып жаткан жол тыгынына бөгөт коюлат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри бул багыттагы иштерди күчөтүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий